Menu

Видео – Айнура Аскарова, ЖК депутаты: “Мектептер боюнча жер-жерлерди кыдырганда мурунку объекттилерди бүтпөй туруп, жаңысын баштап алган учурлар абдан көп”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйыны болуп өттү. Жыйында депутат Айнура Аскарова бүтө элек мектептер боюнча маселени көтөрдү.

Анын айтымында, мурунку жаңы салынып жаткан мектептердин курулуш иштери бүтпөй туруп, жаңысын баштап алган учурлар көп болууда.

“Капиталдык курулуштар, өзгөчө мектептер боюнча жер-жерлерди кыдырганда мурунку объекттилерди бүтпөй туруп, жаңысын баштап алган учурлар абдан көп. Ошондой эле жылдап курулушу бүтпөгөн имараттар турат. Жыйынтыгында мурунку жана кийинки курулуп жаткан мектептер бүтпөй калууда. Ушул маселе боюнча кандай иштер жүрүп жатат?”, – деп сурады депутат.

“Ушул маселе боюнча жылда бюджеттин аткарылышында, долбоорунда сиздердин карооңуздарга беребиз. Бюджетти бекиткенден кийин капиталдык салымдарды бир ай кечикпестен тизмесин бекитиш керек. Бирок тилекке каршы иш жүзүндө бул ишке ашпай жатат. 2003-2017ге чейин анализ жүргүздүк. 82 бүтө элек объект бар экен. Буларды толук бүтүрүү үчүн 2,6 миллиард сом керектелет. Мындан тышкары авариялык абалдагы мектептер бар. Буларга 1,4 миллион сом каражат керек болот. Бул объекттер бүтө элек болсо дагы, үстүнө жаңы 33 объект кирген. Буларды бүтүрсө деп биз дагы сунуштарды айтып жатабыз”, – деди Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: