Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 16-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +15…+20, күндүз: +30… +35,
Таласта түнкүсүн: +13…+18, күндүз: +29…+34,
Баткенде түнкүсүн: +15… +20, күндүз: +32…+37,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +15…+20, күндүз: +32…+37,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +10…+15, күндүз: +19…+24,
Нарында түнкүсүн: +7…+12, күндүз: +20…+25,
Бишкекте түнкүсүн +18…+20, күндүз: +30…+35.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ