Menu

ИИМ: Сузак санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн башкы дарыгери 300 миң сом акчаны мыйзамсыз пайдаланган

Бөлүшүү:
ИИМдин криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү Башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында Сузак райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери  жана  башкы бухгалтери тарабынан облусттук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын резервтик фондусунун бюджетинен COVID-19 илдетин алдын алуу иштерине бөлүнгөн 300 000 сом акча каражатын Сузак райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлерине айлык маянасынын көтөрүлгөн сыяктуу же башкача айтканда материалдык жардам катары бөлүштүрүшкөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “резерв фондусунун акча каражаттарын колдонуу” тууралуу жарлыгына ылайык бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине айлык маянасын көтөрүүгө тыюу салынат.
Аталган факт Жалал-Абад ИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жазык кодексинин 320 беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып сотко чейинки тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: