Menu

Отставкага кеткен Мухаммедкалый Абылгазиев эмнеси менен эсте калды?

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-июнда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Отставкага кетүүгө себеп радио жыштыктарды мыйзамсыз сатуудагы ызы-чууда премьер-министрдин аты аталганында болгон. Ошентип, Мухаммедкалый Абылгазиев көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында 30-премьер-министр болуп калды.

24.kg басылмасы акыркы эки жыл ичинде өлкөдө болуп өткөн эң маанилүү окуяларды чогултту.

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүү

Канчалаган талаш-тартыш болсо да, Мухаммедкалый Абылгазиев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырган жетекчи катары Кыргызстандын тарыхында кала берет. Бул чындык, аны эч ким өзгөртө албайт.

2019-жылдын 12-февралынан тарта Кыргызстандын жолдорундагы камералар жол эрежелерин бузуу фактыларын фото жана видеого тарта баштады.

Быйыл долбоордун экинчи фазасы ишке кириши керек. Даттануулар, нааразычылыктар көп, бирок долбоор иштеп жатат. Чынын айтсак, бул жолдордогу тартипти калыбына келтирүүгө жасалган чоң кадам.

Кумтөр келишими

Мухаммедкалый Абылгазиевдин жетишкендиктеринин бири Кумтөр долбоору боюнча жаңы келишимге кол коюу болуп саналат. 2019-жылы сентябрда Кыргыз өкмөтү канадалык Centerra Gold Inc алтын компаниясы менен жаңы стратегиялык келишимдин акыркы версиясында Кыргызстандын абалын кыйла жакшыргандыгын жарыялаган.

Министрлер кабинети 2017-2026-жылдары 63 млн доллар кошумча төлөмдөр жөнүндө макулдашууга жетишти.

Эгер 2017-жылы 87 миллион долларга келишим түзүлгөн болсо, жыйынтыгында суммасы дээрлик 1,7 эсе көбөйүп, 150 миллион долларга жетти.

Тараптар эки жылдан бери сүйлөшүү жүргүзүп келишет. Акырында эки тарапка тең ылайыктуу деген келишимге келишкен. Ооба, балким министрлер кабинетинин жаңы башчысы да келишимди кайра карап чыгууну каалайт чыгар. Бирок, “Кумтөр” кен ишканасы иштеп жатат, а Кыргызстан ага байланыштуу төлөмдөрдү алат. Кендин иши боюнча көптөн бери орун алып келе жаткан талаш-тартыштын чечилиши өлкөнүн инвестициялык имиджине оң таасирин тийгизди.

Ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү

Бизнес үчүн министрлер кабинетинин учурдагы курамы дагы көп иш жасады. Эң негизгиси, 2019-жылдын 1-январында киргизилген ишкерлерди текшерүүгө мораторий жарыяланганы болду десек жаңылышпаспыз. Бизнес тармагы буга жетүү үчүн көп жылдар бою аракет кылып келген. Бир гана Мухаммедкалый Абылгазиев ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган буйрукка кол койгон.

Коронавируска каршы күрөшүүдө ишкердиктин жоготууларына байланыштуу, ишкердикти текшерүүгө мораторий 2021-жылдын аягына чейин узартылат.

Мораторий ишкерлердин колунан эч нерсе келбейт дегенди билдирбейт. Ишкерлик чөйрө көзөмөлдөнбөй калат дегенге болбойт. Текшерүүлөр мониторинг же байкоо жүргүзүү түшүнүгү менен алмаштырылат. Мындан тышкары, өкмөт коррупцияга жол бербөө үчүн ишкерлерди текшерүүнүн жаңы тартибин иштеп чыгышы керек.

Ишкерликтин коргоочусу пайда болду

Мухаммедкалый Абылгазиевдин дагы бир жетишкендиги – бизнес-акыйкатчы институтун түзүү. “Коопсуз шаар” сыяктуу эле бул көптөгөн жылдардан бери талкууланып келе жаткан долбоор болчу. Процесс эл аралык донорлордун колдоосу менен 2019-жылы башталган.

Ооба, бизнес-акыйкатчыны жана анын орун басарларын шайлоо, иштин форматын аныктоо бир жылга созулду. Чындыгында, ишкерлердин коргоочусу Робин Орд-Смит өзүн быйыл гана көрсөтө баштады. Бирок ал чиновниктер менен үзгүлтүксүз жолугушуп, бизнес көйгөйлөрү жөнүндө сүйлөшүп, талаштуу маселелерди чечүүнүн жолдорун сунуштайт.

Гемодиализ мамлекеттин эсебинен

Отставкадагы премьер-министрдин ийгиликтерине гемодиализ кызматын каржылоо боюнча өкмөттүн чечимин да кошууга болот. Ооба, Кыргызстанда казынада акча жетиштүү көлөмдө эмес, бирок министрлер кабинети өз жарандарын жок дегенде мындай иш-чаралар менен колдоону чечти.

Кыргызстанда бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен өз эсебинен дарыланып келген 174 бейтап бюджеттик каржылоого которулду. Муну каржылоого өкмөт 75 миллион сом бөлгөн. Өлкөдө бөйрөгү ооруган 1 миң 691 адам бюджетик каржылоодо, алардын 140ин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, ал эми 283үн мамлекеттик жеке өнөктөштүк багыты боюнча “Фрезениус Медикал Кеа” гемодиализдик борбору тарабынан камсыздып келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: