Menu

Жанар Акаев өлкөдөгү партиялык-парламенттик системада Кубатбек Бороновдун талапкерлигин премьер-министрликке кайсы партия сунуштаганына кызыкты

Бөлүшүү:

“Кубатбек Боронов кайсы фракциянын талапкери?”,  – деп сурады бүгүн, 16-июнда депутат Жанар Акаев көпчүлүк коалициянын жыйынында анын лидери Иса Өмүркуловдон.

“Учурдагы кырдаалды эске алуу менен көпчүлүк коалицияга кирген 4 фракция жетекчилеринин кеңешүүсүнүн негизинде чечимге келип, сунуштап жатабыз” – деп жооп берди Иса Өмүркулов.

“Ошондо, “КСДП”, “Республика”, “Кыргызстан” жана “Бир Бол” фракциялары?” – деп тактап сурады Жанар Акаев.

“Ооба. Боронов – нейтралдуу фигура. Бир да партияга тиешеси жок” – деди Иса Өмүркулов.

Чындыгында Жанар Акаевдин кумири Өмүрбек Текебаевдин конституциясы эбак эле иштебей калганын ушул фактыдан эле көрүүгө болот. Буга чейин деле Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Мухаммедкалый Абылгазиевдер премьер-министрлик кызматка партиялар тарабынан сунушталган эмес.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: