Бишкекте коомдук транспортто бет капсыз жүргөн жүргүнчүлөрдү аныктоо үчүн рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Бишкек троллейбус башкармалыгынын Фейсбук баракчасында жарыяланды.
Алар жүргүнчүлөргө троллейбустун ичинде бет кап кийүү керек экендигин түшүндүрүштү. Ошондой эле, коргонуу шаймандары жок адамдарды троллейбустардан түшүп, жолун андан ары улантуу үчүн, дарыканалардан бет каптарды сатып алууну суранышты.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда 100 адамдан жаңы коронавирус инфекциясы катталган. Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 2472ге жетти. Илдеттен 1847 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылган. 28 адам коронавирус инфекциясынан каза тапты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ