Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев, экс-премьер-министр: Элдин алдында Өкмөттүн отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырдык

Бөлүшүү:

«Мамлекетке жана элге жоопкерчиликтүү, акыйкат жана таза иштөө – менин башкы принциптерим», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын экс-Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар жана Өкмөттүн Аппаратынын жамааты менен жолугушуу учурунда.

Мурдагы Өкмөт башчы белгилегендей, кечээ ал кызматынан кетүү саясий чечимин кабыл алган.

«Акыркы мезгилде Өкмөттүн, анын ичинде менин атыма фактылар менен тастыкталбаган сөздөр Жогорку Кеңеште да айтылып кетти. Бул мени катуу тынчсыздандырды. Сын-пикирлер Өкмөттүн атына дайыма айтылып келген, бирок Өкмөттүн кадыр-баркына, аброюна шек келтирген далилсиз сөздөр мени ойлондурду. Дагы бир жолу баса белгилеп айтам: Мен жыштыктар боюнча иштерге эч кандай тиешем жок! Бул иштер адилеттүү жүргүзүлүшү үчүн өзүм демилге көтөрүп, кыска мөөнөттөгү эмгек өргүү алгам. Тергөө иштери узарууда, дагы канча убакытты алат, белгисиз. Ошондуктан мамлекеттик кызматтын этикасын сактап, коронавируска байланышкан кризистин маалында  аткаруу бийлигинин көңүлү бир жерге топтолушу үчүн – ушул чечимге келдим. Бул иштер мыйзам чегинде жүргүзүлүп, аягына чекит коюлат жана коомчулукка маалымат берилет деп ишенем», – деди экс-Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасынын элине так кызмат кылуу – анын башкы принциптеринин бири.

«Кыргыз элине жоопкерчиликтүү, акыйкат жана таза иштөө – менин жашоодогу башкы принциптерим. Мен андан эч качан тайган эмесмин жана тайбайм. Элим үчүн ар дайым ак кызмат кылууга даярмын. Кыргызстандын келечеги кең», – деди ал.

Экс-Премьер-министр кыргызстандыктарга, Мамлекет башчысы Сооронбай Шариповичке терең ыраазычылык билдирди.

«Президентибиз Сооронбай Шариповичке Өкмөттүн атынан ыраазычылыгымды билдирем. Биз ал кишинин колдоосун биринчи күндөн тартып сезип турдук.  Президентибиздин ишине, баштаган реформаларынын баарына чоң ийгиликтерди каалайбыз», – деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Төрага Дастан Жумабековго Өкмөт менен конструктивдүү иш алып баруусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Экс-Премьер-министр министрликтердин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине, акимдерге, жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына ыраазычылык сөзүн айтты.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кыргызстан – кичинекей өлкө, бирок мүмкүнчүлүгү чоң жана таланттуу адамдардын өлкөсү.

«Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: «Улуу элдин кулуну болгонума сыймыктанам!» деп айтты эле. Мен да бул сөздү сыймык менен айтам. Бардык билимимди, тажрыйбамды Кыргызстанымдын бакубатчылыгына, гүлдөшүнө жумшагандыгым үчүн сыймыктанам. Элиме, мамлекетке ак ниет кызмат кылууга даярмын. Кадырман калкыбыз мезгилдин бардык чакырыктарын ар-намыстуулук, кайратмандык менен жеңип, өз карт тарыхында жаңы барактарын ачат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Ошондой эле биз 3 жолу өлкөнүн реалдуу бюджетин бекиткен жана аны ашыгы менен аткарган Өкмөт болдук, андан тышкары антикризистик бюджетти бекиттик. Мен 1-2 санга токтолгум келет: ИДПнын көлөмү 2018-жылы – 3,8% болсо, 2019-жылы – 4,5% өсүштө болдук., ал эми ИДПнын номиналы 2016-жылы – 476 млрд сом болсо, 2018-жылы – 569 млрд сом болсо, 2019-жылы – 590 млрд сомду түздү, же өсүш 114 млрд сомго көбөйдү (+20%). Бюджет 2018-жылы –135 млрд сомго барабар болсо, 2019-жылы – 148,4 млрд сомго жетип, 13 млрд сомго өскөн. Ал эми 2020-жылы COVID-19 пандемиясына чейин бюджетти 163,7 млрд сомго дейре жеткирүү болжолдонгон», – деп билдирди экс Премьер-министр.

Мурдагы Өкмөт башчы белгилегендей, эки жылда республикалык бюджеттин эсебинен  818 объектте курулуш иштери жүргүзүлдү, анын ичинде 266 социалдык объект ишке берилди. 99 жаңы мектеп, 8 бала бакча, 11 медициналык объект салынып, 54  мектептин имараты капиталдык оңдоодон өттү. Мындан тышкары 2 жылдын ичинде 817 км жол асфальттанган.

Ирригация тармагында 4628 га жаңы сугат жер киргизилди.  Бүргөндү, Арка,   Баш-Кууганды, Кара-Ой жана башка жерлер суу менен камсыз болду. Жалпысынан 83 айылда 133,5 миң жашоочу ичүүчү таза суу менен камсыздалды. Учурда 282 айылда калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча жалпы суммасы 15 млрд сомдук жумуштар жүрүп жатат.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салыктык жана бажы процедураларын фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн негизин түптөдү.

«Бүт өлкөнү Интернетке кошуу санариптик трансформациялоонун башкы жетишкендиги болуп саналат. Интернетти дээрлик ар бир айылга жеткирдик. Жарандарыбыз мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды каалаган жеринен, каалаган убакытта, каалаган түзүлүштөн оңой ала тургандай системаны түздүк», – деп белгиледи ал.

Мурдагы Өкмөт башчы ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычы ийгиликтүү ишке ашырылганына басым жасады.

«Кыргыз Республикасынын бүт аймагын камтый турган бул долбоордун экинчи баскычы боюнча тендерлер аяктады. Республиканын жолдорунда 2500 видеокамера орнотулат» , – деген мурдагы Премьер-министр бул долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 5 эсеге кыскарып, жапа чеккендердин саны 43% азайгандыгын кошумчалады.

Жолугушууда Мухаммедкалый Абылгазиев биргелешкен иштин ар бир күнү жарандардын турмушун жакшыртууга жана экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга багытталгандыгын белгиледи.

«Социалдык-экономикалык маселелер топтолуп, ондогон жылдар бою чечилбей келген, аларды кыска убакытта чечүү мүмкүн эмес.
Туруктуу өнүгүү үчүн өлкөдө коомдук-саясий туруктуулук, саясатсыз экономика, анын албетте, күчтүү кадрлар керек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мурдагы Өкмөт башчы Кыргызстандын келечеги кең экенин да айтты.

«Жаратмандык натыйжаларга жетүүдө колдоо көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Президентине жана Жогорку Кеңешитин Төрагасына, депутаттарга ыраазычылыгымды билдирем», – деди мурдагы Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу, жарандардын кызыкчылыгы, өсүп келе жаткан муунга камкордук көрүү – бардык рангдагы жетекчилердин   ишинин негизи болууга тийиш экенин айтты.

«Реформаларга бүгүнкү күндө  эч кандай альтернатива жок. Биз өлкөнүн бардык ресурстарын жана мүмкүнчүлүгүн экономикалык маселелерди чечүүгө гана жумшашыбыз керек. Системалуу өзгөрүүлөргө алып барган иштер уланарына ишенем», – деп сөзүн жыйынтыктады.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: