Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Боронов Кубатбек Айылчыевичке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруу жүктөлдү.
Ушул эле Жарлык менен Абылгазиев Мухаммедкалый Дуйшекеевич берген арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруудан бошотулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ