Menu

Прокурор соттон академик Абдухалим Раимжановду 13 жылга кесип, үй-мүлкүн конфискациялоону, наамдарынан ажыратууну суранды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевди 2013-жылы мыйзамсыз, коррупциялык жол менен абактан бошотуп жиберүү фактысы боюнча козголгон ишти соттук териштирүү улантылды.

Сотто прокурорлор Улуттук гематологиялык борборунун ошол кездеги директору, академик Абдухалим Раимжановду бул кооррупциялык ишке айыптуу деп таап, аны 13 жылга эркинен ажыратууну жана үй-мүлкүн мамлекеттин эсебине конфискациялоону суранышты.

Ошондой эле академик Абдухалим Раимжановдун бүт сыйлыктары менен наамдарынан ажыратылуусу суралууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2006-жылы бир нече адамды өлтүрүүгө айыпталып, 16 жылга абакка кесилген кримтөбөл Азиз Батукаевди 2013-жылы Алмаз Атамбаев баштаган 18 адам коррупциялык жол менен (чоң суммадагы акча алышып) жаза мөөнөтүн бүтөрүнө дагы 8 жыл калганына карабай, “кандын айыккыс рак оорусу менен ооруйт” деп мыйзамсыз абактан чыгарып жиберишкен. Өлкөдө ызы-чуу чыгып, парламент комиссия түзүп, депутаттар Батукаев мыйзамдарды одоно бузуу менен мыйзамсыз абактан чыгарылган деген бүтүмгө келишкен. Бирок ал кезде президент Атамбаев болгондуктан кылмыш иши козголбой туруп калган. Качан гана Атамбаев президенттиктен кеткенден  кийин, 2019-жылы январда бул иш ордунан жылып, кылмыш иши иликтенип, октябрда сотко өткөрүлгөн. Академик Абдухалим Раимжанов 2013-жылы бул коррупциялык кылмышка катышып, кримтөбөл Батукаевге кандын рак оорусу менен ооруйт деп жасалма диагноз коюп берген деп айыпталууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: