Menu

Алып баруучу Эркин Рыскулбековдун бир тууган эжеси жана анын балдары коронавирус илдетин жуктуруп алышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-июнда теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков бир тууган эжеси жана анын балдары коронавируска чалдыкканын Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

“COVID-19 илдети менин үй-бүлөмө жетти. Бир тууган эжем жана анын 3 баласы коронавирус жуктуруп алышты. Эжем “Гансиде”, ал эми балдары (вирустун белгилери байкалбай) үйдө обсерацияда. Бардык сунуштарды аткарыңыздар. Бул тамаша эмес. Мен азыр аябай корком”, – деп билдирүү калтырган Рыскулбеков.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кечээ, 16-июнда 100 адамдан жаңы коронавирус инфекциясы катталган. Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 2472ге жетти. Илдеттен 1847 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылган. 28 адам коронавирус инфекциясынан каза тапты.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: