Menu

Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: “Союз убагындагы жолдор 50 жыл жашаган, азыркы жолдор 3 жыл жашайт”

Бөлүшүү:

Союз убагындагы жолдор 50 жыл жашаган, азыркы жолдор 3 жыл эле жашайт. Бул тууралуу кечээ, 16-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

“Насыяны Каржы министрлиги төлөбөйт. Силер дагы төлөбөйсүңөр. Аны карапайым эл төлөйт. Мына Бишкек – Кара-Балта жолун башталбай жатып, ремонт кылып жатат. Талас – Тараз – Суусамыр жолу мөөнөтү эки жылдан ашып кетти, кабыл албай жатасыңар. Балыкчы – Корумду жолу мөөнөтү өтүп кетти, алигиче кабыл алына элек. Биз болсо насыяны алып жатабыз, жолду салып жатабыз, сиздер кол салып жатасыңар, камалганыңар камалып жатат. 12 киши камалды. Жол министрлигинде канча киши калды камалбаган?  Эгемендик алгандан бери жол салып жатабыз. Кыргызстандын 4 миллиард карызын алсак ошонун 2 миллиард 800 миллиону жолго кеткен. Биз өмүр бою эле кол салып келбедикби? Союз убагындагы жол 50 жыл жашаган, силердин салган жолуңар 3 жыл эле жашайт. Силер өзүңөрдүн атуулдук, мекенчилдик позицияңарды билдирбейсиңерби?”, – деди депутат Момбеков.

Белгилей кетсек, бул жыйында «2019-жылдын 16-декабрында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: