Menu

Белгилүү ырчы Малик Аликеев Бишкек шаарындагы №4 ооруканасынын Травматология жана ортопедия бөлүмүнө алынып келинди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев белгилүү ырчы Малик Аликеев жаткан ооруканага барып кабар алып, Президенттин атынан материалдык жардам тапшырды.

Алдын ала маалымат боюнча Малик Аликеевге операцияны белгилүү хирург-ортопед Сабырбек Жумабеков жасай турганы күтүлүүдө. Аликеевге буга чейин кашка жилик менен жамбаштын ашташкан жерине (эки жагына тең) операция жасалган болчу. Бүгүнкү күндө операцияга даярдык көрүү иш- аракеттери жүрүп жатат. Аликеевдин учурдагы ден- соолугу жана анын чыгармачылыгы эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көзөмөлүндө болот.
Жолугушуу учурунда Малик Аликеев кубанычын жашыра албай, мамлекет тарабынан жана жалпы элдин мындай колдоосу болуп турганда “Малик Аликеев таңшып, ырдап, кайрадан сахнага келип көрүүчүлөрдү кубантат”- деп билдирди.

Эске салсак, буга чейин Малик Аликеев Таласта болгондугуна байланыштуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ырчы менен 2-июнь күнү видео байланыш аркылуу баарлашып, министрлик тарабынан жардам бере тургандыгын маалымдаган.

Ал эми, ырчыны Таластагы жашап жаткан үйүнөн Маданият министрлиги алып келип, Бишкек шаарындагы №4 оорукасынын Травматология жана ортопедия бөлүмүнө жайгаштырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: