Өкмөттөгү кара иштин бардыгын жасаган адам – бул Кубатбек Боронов болчу. Мындай пикирин бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында КР Премьер-министрине Кубатбек Бороновдун талапкердигин талкуулап жатып, биринчи сөз алган депутат Руслан Казакбаев билдирди.
“Буга чейин өкмөттөгү кара иштин бардыгын жасаган Кубатбек Айылчиевич бул сиз өзүңүзсүз. Ошондуктан премьер-минисрликке сиздин көрсөтүлүп жатканыңыз туура жана адилеттүү чечим болду. Сизге мен суроо бергим келбейт. Болгону сунушумду айтам. Коронавирус илдети өлкөдө жаңы башталганда 20-30 адамдан чыккан. Ошол убакта биз өзгөчө абалды, өзгөчө кырдаалды киргизип, баарын жапканбыз. Азыр болсо 100гө чейин бул илдетти жуктуруп алып жатышат. Айыгып кеткендердин саны ооругандардын санына караганда төмөн түшүп кетти. Ошондуктан өзгөчө ооруканалардын акыбалын караңыздар”, – деди депутат Казакбаев.
Ошондой эле, ал азык-түлүк коопсуздугуна көңүл бөлүүгө чакырды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ