Москвада адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган адам 1974-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну. Милиция кызматкерлери ага Кылмыш-жаза кодексинин “адамды атайылап өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Ал Бишкекте 1997-жылы болгон адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөн. Учурда аны Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси каралууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ