Menu

Сокулук районунда кошуналардын ортосунда уруш чыгып, атасы менен баласы кошунасына бычак сайган

Бөлүшүү:

Сокулук районунун Новопавловка айылында кошуналардын ортосунда уруш-талаш чыгып, натыйжада 2 адам бычактан жаракат алган. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, 13-июнда Новопавловка айылынын 2 тургуну бычактан жаракат алды деген билдирүү келип түшкөн. Жерине укук коргоо органдарынын кызматкерлери барып, 55 жаштагы эркек киши 27 жаштагы уулу менен М.Э. аттуу кошунасынын үйүнө кирип барышканын билишкен.

Алардын ортосунда уруш-талаш болуп, жыйынтыгында ата менен баласы 30 жаштагы кошунасын жана анын М.Р. аттуу досуна бычак сайганы белгилүү болгон. Жабыркагандар ооруканага кайрылышкан.

Аталган КРнын Жазык кодексинин 138-беренеси (“Денеге оор зыян келтирүү”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Шектүүлөр Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.

Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: