Menu

Видео – 60 жаштагы улгайган кишини сабаган чоң муштумдарды судья Тажибаев бошотуп жиберди

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда Чүй облусунун Кең-Булуң айылындагы “У Абдраим” кафесинин жанында жаш жигиттер улгайган кишилерди сабап жаткан видеотасма тарады.

Активист Назира Ахмедова өзүнүн Фейсбук баракчасында айткандай, 2020-жылдын 14-июнунда Чүй облусунун Кең-Булуң айылындагы “У Абдраим” кафесинин жанында достору менен мас абалындагы Баатыр аттуу киши бир адамды сабап салган. 60 жаштагы киши аларды тынчтандырууга аракет кылып, жаракат алат. Жабырлануучу милицияга кайрылган. Бейбаштар кармалып, Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Тажибаев кылмыштын оордугуна карабастан, шектүүлөрдү бошотуп койгон.

Ошондой эле, Ахмедова соттордун ишине нааразычылыгын билдирген.

“Биздин соттор ушундай иштешет. Улгайган киши жардам бере коем деп токмок жеп калды. Ал ишти мыйзам чегинде чечүүгө аракет кылганы менен майнап чыкпай жатат. Сот эмне себептен мындай башаламандыкты көрүп туруп кылмышкерлерди эркиндикке чыгарды? Муну кантип түшүнсө болот? Эми аягы эмне менен бүтөр экен. Бирок сотторго ишеним болгон эмес жана болбойт”, – деп жазган Ахмедова.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: