Menu

Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бири коронавирустун айынан карантинге алынды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бири коронавирустун айынан обочолонуп калган. Маалыматты мэр Мураталы Тагаев тастыктады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-июнда коронавирустан каза болгон кыргызстандык жаран Көк-Арт көчөсүндөгү №28 үйдө эжесинин үйүнө барган. Шаардык штаб үйдү карантинге алуу чечимин колдоду.

“Маркум менен байланышкандардын бардыгы обсервацияга алынды. Оорулуу жаран түнөгөн көп кабаттуу үйдө дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, тургундар санитардык эрежелерди да сакташы керек ”, – деди мэр.

Жалал-Абадда 241 көп кабаттуу үйлөр бар. Буга чейин алардын жарымынан көбү дезинфекция иштерин жүргүзүшкөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: