Бүгүн, 18-июнга карата Кыргызстанда дагы 90 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 49, Чүй облусунан – 14, Ош шаарынан – 7, Ош облусунан – 7, Баткен облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 6, Талас облусунан – 4, Нарын облуснан – 7 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 2657ге жетти. Алар:
– Жалал-Абад облусунда — 195 адам;
– Ош облусунда — 274 адам;
– Ош шаарында — 294 адам;
– Бишкек шаарында— 868 адам;
– Нарын облусунда — 423 адам;
– Чүй облусунда — 269 адам,
– Баткен облусунда — 40 адам;
– Талас облусунда – 21 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 33 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 32 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 1933кө жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 11 адам; Чүй облусунан – 12 адам, Ош шаарынан – 3 адам; Ош облусунан – 4 адам, Жалал-Абад облусунан – 1, Баткен облусунан – 1.
“Өткөн суткада Алай райондук аймактык ооруканасына 73 жаштагы эркек киши өтө оор абалда келген. Көрүлгөн аракеттерге карабастан, бейтап каза болуп калды. Анда эки тараптуу пневмония, курч респиратордук жетишсиздик болгон” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Илдеттен улам каза болгондордун саны 31ге жетти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ