Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турускулов ИИМ башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиевден Токмок шаарындагы күзөтчүлөр тарабынан улгайган адамды мыкаачылык менен сабаган окуяга көңүл бурууну суранды.
“Чындыгында, кыргыздар, уйгурлар жана өзбектер катышкан этникалык кагылышуу болуптур. Бул ишти көзөмөлгө алууңузду суранам” – деди депутат.
Алмазбек Орозалиев бул жаңжалды баалоодо этият болуш керектигин белгиледи.
“Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын жана Чүй РИИБнин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралар этникалык кагылышууга жол берген жок” – деди Алмазбек Орозалиев.
Белгилей кетсек, кечээ 17-июнда социалдык тармактарда бир нече адамдын улгайган адамды сабап жаткан видеотасма жарыяланган. Окуя 13-июндан 14-июнга караган түнү Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айылында болгон. Ысык-Ата райондук сотунун тергөө судьясы Нурбек Тажибаев кол салгандарды мыйзамга ылайык камакка алуунун ордуна, аларды үй камагына чыгарган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ