Menu

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров жумушуна электросамокат менен барып келет

Бөлүшүү:

Карантин убагында коомчулукта велосипеддердин жана электросамокаттардын кадыры өсүп, барган сайын популярдуулукка ээ болууда. Эми аларды кымбат баалуу автоунааларда жүргөн атминерлерде тебе башташты.

Алсак, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров жумушуна электросамокат менен барып келет.

Ал журналисттерге берген маегинде Бишкек шаарында экологиялык транспорт менен жүрүүгө шарттар түзүлгөнүн билдирди.

“Мен жумушума жакын жерде жашайм. Электросамокат менен эрте менен жумушка келип, кечинде кайра кете алам. Бардык мамлекеттик мекемелер, Өкмөт, Жогорку Кеңеш шаардын борборунда жайгашкан. Кызматтык унаага май кетирип жүрбөй эле, жумушка электросамокат менен келсе ыңгайлуу болмок. Менин көптөгөн кесиптештерим, тааныштарын унаалардын ордуна велосипеддерди, самокаттарды колдонууга өтүшкөн. Бишкек шаарындагы инфраструктура автоунаалардан толугу менен баш тартууга мүмкүнчүлүк берет. Мен баардык жарандарды велосипеддерди, электросамокаттарды, гироскутерлерди ж.б. колдонууга чакырам” – деди Кубанычбек Шатемиров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: