Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Бүгүн 6-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Тунгуч Президентин 80 жылдык мааракеси жана Казакстан Республикасынын Борбор калаасынын күнү менен куттуктады, ошондой эле ага чың ден соолук, бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине — тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, жакшы коңшулукту орнотуу жана бекемдөөдөгү жеке салымын дагы бир жолу белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: