Menu

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин башталат

Бөлүшүү:

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоорду бир айдан кийин баштайт. Бул тууралуу аталган ишкананын башкы директору Василий Дашков билдиргенин мекеменин сайты жазып чыкты.

Анда Дашков тараптар бардык келишимдерге жетишкенин, долбоорго жалпы 4,5 миллиард доллар кетерин айткан. Маалыматка караганда, долбоорду каржылоого Орусия жана Өзбекстан колдоо көрсөтөт.

17-июнда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн. Жыйында мамлекет башчы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору жөнүндө маалымат алган.

2002-жылы Бээжин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Ал негиздеме боюнча темир жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Каттамдын узундугу 268 чакырым деп эсептелген.

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун курулушу көп жылдан бери айтылып, ишке ашпай келатат. Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери күчөп, сүйлөшүүлөр жанданган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес. Ошондон кийин кыргыз бийлиги кайра Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун жактап, жаңы маршрутту сунуш кылган.

2019-жылдын ноябрь айында президент Сооронбай Жээнбеков Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалганын маалымдаган. Жээнбеков техникалык-экономикалык негиздемени даярдоого Орусия 200 миллион рубль бөлүп бергенин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: