Menu

COVID-19: Алматыдагы инфекциялык ооруканалардын 95% бош эмес

Бөлүшүү:

Алматы шаарындагы инфекциялык ооруканалардын 95% бош эмес. Бул тууралуу 18-июнда калаанын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдирди.

Анын айтымында, буга акыркы эки жуманын ичинде шаарда «коронавирус жуктургандардын кескин көбөйүп кеткендиги» себеп болду.

Буга чейин Алматынын тургундары COVID-19 аныкталганына карабастан, аларды ооруканага жаткырбай жатышканына нааразы болушкан. 17-июнда акимчиликтин коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Камалжан Надыров Алматыда абал «чынында оор экенин» айтып, бейтаптар ооруканага абалына жараша тандалып жаткырылып жатканын билдирген.

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны боюнча Алматы шаары биринчи орунда. Расмий маалыматка ылайык, калаада 4 655 киши вирус жуктуруп алганы аныкталса, 938инде оорунун белгилери жок. Алар 3-июндан тартып илдетке кабылгандардын жалпы статистикасына кошулбайт.

Казакстанда оорунун белгилери жок бейтаптарды кошкондо, коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 22 708ге жетти. Анын ичинен 105 киши каза болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: