Бүгүн, 19-июнда Кыргызстандык жарандар Якутиядан Бишкекке кайтып келишти. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтар боюнча, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги россиялык тарап менен биргеликте жана Саха Республикасындагы «Манас» кыргыз диаспорасы жергиликтүү коомдук уюмунун жардамы менен бүгүн Якутия – Бишкек каттамы боюнча Якутия авиакомпаниясынын чартердик каттамын уюштурду.
“Якутия – Бишкек” маршруту боюнча Якутияда жашаган 170 кыргыз жараны мекенине кайтып келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ