Menu

Адвокат соттон Азиз Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаевди актоону өтүнөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда  кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум улантылууда. Отурумда тараптар жарыш сөзгө өтүштү.

Адвокат Замир Жоошев экс-президент Алмазбек Атамбаевди кылмыш ишинин жоктугу жана анын күнөөсүнүн далилдери жоктугу үчүн актоону суранды.

“Шамиль Атахановдун көрсөтмөлөрүндө: Атамбаевге Батукаев катуу ооруп жатканы айтылат. Атамбаев Батукаевди Жаныш Бакиевдин ордуна бошотууга макул болгон. Бошотууга мыйзам жол берсе, анда ага макулдук берген адамдын кылмышы эмнеде?” – дейт адвокат.

Адвокат белгилегендей, Алмазбек Атамбаев Батукаевдин бошотулушунун натыйжасында эч кандай материалдык пайда көргөн эмес. Тескерисинче, көйгөйлөр – негизсиз айыптоолор гана түшкөн.

Аталган иш боюнча 19 адам айыпталуучу деп табылган. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-генпрокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева жана башкалар бар. Алар депутат Тынчтыкбек Акматбаев баш болгон бир нече кыргыз жарандарын өлтүргөндүгү үчүн 16 жылга кесилген кримтөбөл Азиз Батукаевди коррупциялык жол менен (ири суммадагы акча алып) түрмөдөн 8 жыл эрте бошотуп жиберген деп айыпталууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: