Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Айрым жарандар чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, медиктердин күнү-түнү кылган эмгегин жокко чыгарып жатат

Бөлүшүү:

«Жарандарыбызды жоопкерчиликке чакырам. Айрым жарандарыбыз  чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, медиктердин күнү-түнү кылган эмгегин жокко чыгарып жатат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

«Бул илдет жок, бул — ойдон чыгарылган саясат дегендер да жок эмес. Дарыгерлерибиз, кары-картаңдарыбыз каза болууда. Бүгүн дүйнө жүзү бул илдет менен күрөшүп жатат. Ошондуктан дүйнөлүк пандемияга айланды. Мамлекет башчысы катары — ар бир мекендешимди толук жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана өздөрү менен жакындарына кам көрүүгө чакырам», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент «бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, бул илдет жок» деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр бул оорунун бар экендигинен күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгиледи”, – деп Мамлекет башчысы өкүнүү менен белгилеп, медиктердин талаптарын бузгандарга айып пул салууну талап кылды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: