Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 20-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +12…+17, күндүз: +25… +30,
Таласта түнкүсүн: +9…+14, күндүз: +24…+29,
Баткенде түнкүсүн: +13… +18, күндүз: +28…+33,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +13…+18, күндүз: +28…+33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +19…+24,
Нарында түнкүсүн: +4…+9, күндүз: +20…+25,
Бишкекте түнкүсүн +15…+17, күндүз: +28…+30.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ