Улуттук банктын кызматкеринен коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, кызматкерде вирус кечээ, 18-июнда аныкталган. Учурда ал ооруканада дарыланып, оору жеңил формада өтүп жатат.
“Ал кызматкер менен байланышта болгон адамдар үй карантинине жөнөтүлдү. Санитардык-эпидемиологиялык станциянын адистери алардан анализ алышты. Инфекция жуккан кызматкер иштеген имарат дезинфекцияланды” – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, банкта коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынган санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды сактоо боюнча талаптар күчөтүлдү.
Бүгүнкү күндө банктын кызматкерлеринин арасында инфекциянын башка учурлары жок. Улуттук банк штаттык режимде ишин улантууда.
Белгилей кетсек, бул Улуттук банктын кызматкерлеринин арасында COVID-19 инфекциясынын экинчи учуру. Алгачкы учур май айынын ортосунда аныкталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ