Menu

“Кыргызстан” фракциясынын депутатынан коронавирус табылып, фракциянын бардык мүчөлөрү анализ тапшырып жатышат

Бөлүшүү:

“Кыргызстан” фракциясынын депутаты Бейшеналы Нурдинов коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу маалымат журналисттерге Жогорку Кеңештен маалым болду.

Маалыматтар боюнча, ал коронавируска тест тапшырып, анын жыйынтыгы оң чыккан. Депутат өзүнчө изоляцияга алынган. “Кыргызстан” фракциясынын бардык мүчөлөрү, анын лидери Канатбек Исаев баш болуп анализ тапшырып жатышат.

Белгилей кетсек, Бейшеналы Нурдинов Алмазбек Баатырбековдун ордуна депутат болуп келген. Алмазбек Баатырбеков биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган.

Бул ЖКда  COVID-19 инфекциясынын экинчи учуру. Буга чейин ЖКнын басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу да коронавируска чалдыкканы белгилүү болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: