Депутат Каныбек Иманалиев коронавируска тест тапшырып, анын жыйынтыгы терс чыкты. Бул тууралуу 19-июнда депутаттын жардамчысы Нурдин Жолдошбеков Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымы боюнча, 10-июнда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу депутат Каныбек Иманалиевди “Парламентаризм сабактары” берүүсүнө чакырган.
“Депутат Каныбек Иманалиев коронавируска чалдыккан адам менен байланышта болгондугу үчүн ПЧР-анализ тапшырган. Анын жыйынытыгы терс чыкты” – деп жазган Нурдин Жолдошбеков.
Белгилей кетсек, буга чейин коронавируска чалдыккан ЖКнын басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу менен депутаттар Каныбек Иманалиев менен Акылбек Жапаров байланышта болгону айтылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ