Menu

Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын 3 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын 3 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымы боюнча, ооруга чалдыккан депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин ысымдары аталбайт. Депутаттар жана аппарат кызматкерлери арасында ПЦР-тестирлөө улантылууда.

“Ооругандардын баардыгы обочолонгон. Соңку кырдаал Жогорку Кеңештин ишине азырынча таасир бербейт. Ошону менен бирге ЖКнын депутаттары жана аппарат кызматкерлери толук ПЧР-текшерүүдөн өтүп бүтө элек” – деп билдирди Ибраим Нуракун уулу.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 3356 адамдан коронавирус табылган. Алардын ичинен 2021 оорудан айыккан, 40 адам илдеттен улам көз жумган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: