Бүгүн, 22-июнда Жерүй алтын кени боюнча Элдик комиссиянын төрагасы Айбек Бузурманкулов кыргыз элине, КР Президенти Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасады.
Анда ал 2015-жылы Алмаз Атамбаев президент, Темир Сариев премьер-министр болуп турганда экс-премьер Өмүрбек Бабанов баштап келген Россиялык чечен бизнесмендерге $5 млрд алтыны бар Жерүй кенин $100 млн эле акчага, кыргыз элине 1% да үлүш калтырбай сатып жиберген фактысы боюнча түзүлгөн Элдик комиссияга КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мурат Мураталиев бут тосуп, бөлүп-жарып, бузукулук кылып жатканын билдирет.
Алтургай Таластын милициясы Айбек Бузурманкуловдун ата-энесине келип коркутуп жатышканын ачыктап, Мурат Мураталиев облустагы бийликти узурпациялап алып, Таласка хан болуп алганын жарыялайт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ