Menu

КР аймагында бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө КР менен РФ ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу КР менен РФ ортосундагы протокол ратификацияланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2020-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Протокол 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууда (мындан ары — Макулдашуу) белгиленген өлчөмдөрдөн иш жүзүндө ээлеген аянттардын ашып кетишинин аныкталышына байланыштуу 2016 жана 2017-жылдары россиялык тарап менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлгөн россиялык тарап ижарага алган жер участокторун топографиялык сүрөткө тартуунун жыйынтыгы боюнча даярдалган.

2012-жылдагы Макулдашууга ылайык,  россиялык тарап ижарага алган жер участокторунун аянты 866,2 гектарды түзөт. Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча россиялык тарап иш жүзүндө колдонгон аянт 924,52 гектарды түздү, мында Макулдашууда көрсөтүлгөндөн 58,32 гектарга көп жер аянты пайдаланылган.

Протокол күчүнө киргенден кийин тараптар Россия Федерациясы иш жүзүндө пайдаланган жер участокторунун аянттары үчүн ижара акысын Кыргыз Республикасына 2012-жылдын 20-сентябрынан баштап төлөө боюнча ишти уюштурушат.

Протоколдун алкагында россиялык тараптын каражатынын негизинде Учуп-конуу тилкесин (УКТ) реконструкциялоо пландаштырылган. Макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин бул объектилер кыргыз тарапка кайтарылат. Мындан тышкары УКТ объектилери биргелешип пайдалануучу объектилердин тизмесине киргизилген.

Тараптардын мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын аймагына учкучсуз учуучу аппараттарды (мындан ары — УУА) колдонуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында россия тараптын россиялык авиациялык базага УУАларды жайгаштыруусу пландаштырууда.

Мында Протоколго кол коюлгандан жана күчүнө киргенден кийин тараптар УУА колдонуунун тартибин аныктоочу ведомстволор аралык документке кол коюшат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: