Москва шаарында ушул жылдын 24-июнунда Жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу парадга даярдыктар өтүп жатат. Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучуларынын бири даярдыктардын биринен видеотасма жүктөдү. Видеотасмада кыргыз жоокерлери Кыргызстандын желеги менен ыр ырдашат, социалдык тармактардын колдонуучулары биздин жоокерлер менен сыймыктанышууда.
Эске салсак, 9-майда өтүүчү салтанаттуу парад дүйнөлүк пандемияга байланыштуу, бардык өлкөлөрдө бул күнү өткөрүлбөй калды. Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын өлкө башчысы Владимир Путиндин чакыруусу менен 24-июнда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу парадка катышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ