Menu

Кадамжайда бир адамды уурдап андан 950 миң сом акча каражат талап кылган шектүүлөр кармалды

Бөлүшүү:

Кадамжай районунда адам уурдоого шектелген үч жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, 43 жаштагы А.Х. милицияга кайрылган. Жабырлануучу анын уурдалгандыгын жана ири суммадагы акча талап кылгандыгын билдирген.

“Тергөөнүн жүрүшүндө белгисиз адамдар арыз ээсинин уюлдук телефонуна чалып, үйдөн чыгып кетишин суранып, аны унаага түртүп, талаага алып чыгып, 950 миң сом талап кылып жаткандыгы белгилүү болду. Жабырлануучу акча таппай калса, аны өлтүрөм деп коркуткан. Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү үч шектүүнү кармашты. Алардын бири мурда соттолгон”, – деп билдиришти милициядан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: