Menu

Азиз Батукаевдин иши боюнча сотто мурдагы президент Алмазбек Атамбаев акыркы сөз сүйлөбөйт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум уланууда. Отурум жабык эшик артында өтүп жатат.

Адвокат Сергей Слесарев сот залынан чыгып, жарыш сөз бүткөнүн, айыпталуучулар акыркы сөздөрүн сүйлөп жатканын билдирди.

Анын айтымы боюнча, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотто акыркы сөз сүйлөбөйт. Терргөө менен кызматташууга барган адамдар дагы күнөөнү мойнуна албай жатат.

Адвокат ошондой эле, мамлекеттик айыптоо соттон Атамбаевдин, анын бардык туугандарын жана башка юридикалык жактардын мүлкүн конфискациялоону суранганын белгиледи.

“Бирок мамлекеттик айыптоо конфискацияланууга тийиш болгон мүлктүн тизмесинен, анын бир бөлүгүн алып салууну суранат. Башкача айтканда, шектенип жатышат. Күнөө жок болсо, конфискация дагы жок” – деп билдирди адвокат.

Судья Эмилбек Кайыпов кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

Буга чейин прокурорлор мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Белгилей кетсек, аталган иш боюнча 19 адам айыпталуучу деп табылган. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-генпрокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева жана башкалар бар.

Эсиңиздерге сала кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: