“Альянс Алтын” компаниясынын кызматкеринен коронавирус инфекциясы табылды. Бул маалыматты бүгүн, 23-июнда компаниянын басма сөз кызматы тастыктады.
“Альянс Алтын” Талас облусунда “Жерүй” алтын кенин иштетет.
Компаниянын маалыматы боюнча, кызматкер 11-майда Бишкекке келген. 19-июнда андан вирус аныкталган. Кызматкердин абалы бүгүнкү күндө канааттандырарлык, оору симптомсуз, ал үй карантининде. Кызматкер кесиптештери менен байланышта болгон эмес.
Бул “Жерүй” кенинин иштешине таасир этпейт”- деди компаниядан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ