Menu

Эртең, 24-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт

Бөлүшүү:

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 24-июнда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +15…+20, күндүз: +32… +34,

Таласта түнкүсүн: +11…+16, күндүз: +28…+33,

Баткенде түнкүсүн: +16… +21, күндүз: +30…+35,

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +16…+21, күндүз: +30…+35,

Ысык-Көлдө түнкүсүн: +10…+15, күндүз: +19…+24,

Нарында түнкүсүн: +7…+12, күндүз: +18…+23,

Бишкекте түнкүсүн +18…+20, күндүз: +32…+34.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: