Menu

Батукаевдин иши боюнча экс-генпрокурор Индира Жолдубаевага 5 миллион сом айып пул салынды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болду.

Анда тараптар жарыш сөз сүйлөп бүтүп, айыпталуучулар Индира Жолдубаева,  академик Абдухалим Раимжанов жана Калыбек Качкыналиевдер акыркы сөз сүйлөштү. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотто акыркы сөзүн айтуудан баш тарткан.

Судья Эмилбек Кайыпов кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, айыпталуучуларга карата чыгарылган өкүмдү жарыялады.

Соттун өкүмү менен экс-генпрокурор Индира Жолдубаева КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (коррупция) (эски редакция) боюнча күнөөлүү деп таап, класстык чиндерден жана наамдарынан ажыратуу менен 5 миллион сом айып салынды.

Өз кезегинде Индира Жолдубаева бул чечимге макул эместигин айтып, соттун чечимине каршы даттана турганын билдирди.

Эскерте кетсек, Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда Нарындагы абактан чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Россияга учуп кеткен.

Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: