Menu

Финансы министрлиги тарабынан KFW фондунун каражаттары боюнча аукцион өткөрүү пландалууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан KFW (Германия) фондунун каражаттары боюнча 1 300,0 млрд сом суммасына аукцион өткөрүү пландалууда.

Иш-чара 2020-жылдын 23-июнуна пландаштырылган, «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасынын алкагында ишке ашырылат.

Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги он коммерциялык банк менен келишим түздү:

1. «Айыл Банк» ААК

2. «Бакай Банк» ААК

3. «Банк Азии» ЖАК

4. «Банк Компаньон» ЖАК

5. «Демир Банк» ЖАК

6. «КБ Кыргызстан» ААК

7. «Оптима Банк» ААК

8. «Финка Банк» ЖАК

9. «Халык Банк» ААК

10. «РСК Банк» ААК

Аукцион өткөрүлгөн соң жана бардык процедуралар аяктагандан кийин ишкерлерге жеңилдетилген кредит берүү үчүн бюджеттик каражаттарды банктарга берүү пландалууда. Банктардын тизмеси көбөйүшү мүмкүн.

KfW Германия өнүктүрүү банкынын каражаттарынын биринчи траншы айыл чарба чөйрөсүндөгү чакан жана орто бизнести колдоого багытталат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: