Menu

Өздөрүн социалдык кызматкер деп тааныштырып, пенсионердин 146 миң сомун тартып алган 2 аял кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте өздөрүн социалдык кызматкер деп тааныштырып, пенсионер аялды тоноп кеткен аялдар кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 11-майда Октябрь РИИБне 6-кичи райондон кары аялды алдап, акчасын ээлеп алышкан деген чалуу келип түшкөн.

Жеринен жазуу түрүндө арыз менен 1936-жылы туулган Б.Н. кайрылып, эки аялга карата чара көрүү өтүнгөн. Алардын бири өзүн социалдык кызматкер катары тааныштырып, пенсионердин чогултуп жүргөн бардык акчасын, 146 миң сомун алдап алган.

Аталган факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча катталган.

Мындан тышкары, К.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 19-июндан 20-июнга караган түнү белгисиз адамдар Саманчин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин бирине кирип, 13,600 сомду уурдап, андан кийин качып кеткенин айткан.

Бул факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” беренеси боюнча катталган.

Тергөөучурунда милиция кызматкерлери Россиянын эки жаранын: 2000-жылы туулган М.К. жана 1980-жылы туулган М.Р., ошондой эле 1981-жылы туулган Кыргызстандын жараны М.Н. кармашкан.

Алар тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Октябрь райондук соту тарабынан 2000-жылы туулган М.К.га жана 1980-жылы туулган М.Р. карата  “убактылуу эч жакка чыкпоо” кепилдиги менен чыгарылган. Ал эми М.Н. СИЗО-1ге  2 айга камалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: