Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары аткезчилик жүк ташуу аракетин токтотушту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Белгиленгендей, Мүрзө аймагында чек арачылар Кыргызстандын жаранын кармашкан. Ал “Hyundai Porter” унаасында 24 миң даана лампаны Кыргызстандан Өзбекстанга уруксатсыз, документтери жок алып өтүүгө аракет кылган.
“Кармалган жүктүн жалпы баасы 240 миң сомду түзгөн. Документтерди түзүп бүткөндөн кийин кармалган адам жана жүктөр андан ары териштирүү үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, – деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ