Кечээ, 23-июнда Россиялык ырчы Алиса Супронова КРнын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун хит жараткан “Мурас” чыгармасын эки тилде аткарып Инстаграм баракчасына жүктөдү.
Ал бул чыгарманы кыргыз жана орус тилинде аткарган. Россиялык ырчы бул чыгарма тууралуу угарман Анвар Бектеновдон билгенин жазган. Супронова мыкты чыгарма үчүн Мирбек Атабековго ыраазычылыгын да билдирип кеткен.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары комментарийге мыкты деген ой-пикирлерди калтырып жатышат. Алардын айтымында орус ырчысы бул ырды эки тилде дал өзүндөй окшоштуруп ырдаган.
https://www.instagram.com/tv/CBx5gMDlABR/?igshid=60xpmxnqtarp
https://www.instagram.com/tv/CBtoQtjlvHk/?igshid=2huc0hzr7gyz
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ