Menu

Кыргызстанда дагы 207 адамдан коронавирус табылды, алардын жалпы саны 3726га жетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-июнга карата Кыргызстанда дагы 207 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 92, Чүй облусунан – 35, Ош шаарынан – 43, Ош облусунан – 28, Ысык-Көл облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 5 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 3726га жетти.  Алар:

– Жалал-Абад облусунда — 247 адам;

– Ош облусунда — 379 адам;

– Ош шаарында — 421 адам;

– Бишкек шаарында— 1334 адам;

– Нарын облусунда — 462 адам;

– Чүй облусунда — 502 адам,

– Баткен облусунда — 44 адам;

– Талас облусунда –  35 адам;

– Ысык-Көл облусунда — 62 адам.

– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 28 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 2082ге жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 7 адам; Чүй облусунан – 5 адам, Ош шаарынан – 1 адам; Ош облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 6 адам, Нарын облусунан – 2, Талас облусунан – 2, Баткен облусунан – 3 адам.

Өткөн суткада 1 бейтап оорудан улам каза болгон.

“Ош облустар аралык ооруканасынан 1972-жылы төрөлгөн жаран каза болду” – деп билдирди Мадамин Каратаев.

Илдеттен улам каза болгондордун саны 42ге жетти.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: