Menu

КР Президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева: Сооронбай Жээнбеков жана коштоп барган адамдар Бишкекке келгенде обочолонууда болушат

Бөлүшүү:

Урматтуу кесиптештер,

Алгоритмге ылайык, Москвага учаардын алдында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, делегация мүчөлөрү жана коштоочу адамдар — баары COVID-19га тест тапшырышкан.

Бардыгынын жыйынтыктары терс чыккан.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Москва шаарына Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы боюнча парадга катышууга чакыруу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин атынан алгач ирет 9-майда келген.

9-майдагы парад токтотулгандан кийин Россия Президентинин атынан Кыргыз Республикасынын Президентине кийинки чакыруу май айынын соңунда келген.

Пандемияга байланыштуу кырдаалды эске алуу менен делегация чакан курамда болгон, алардын баары ар дайым  тесттерди тапшырып турушкан.

Москва шаарына келгенден кийин баары кайрадан тест тапшырышты, буга чейин айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды.

Мындан аркы алгоритмге ылайык, Президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышпоо чечимин кабыл алды. Анын катышуусу иш-чарага катышып жаткандарга карата жоопкерчиликсиз кадам катары бааланып калмак.

Президент жана аны коштоп баргандар Бишкекке кайтып келишет, анализдери оң чыккандар бардык алгоритмди сактоо менен 14 күн обочолонууда болушат.

Президент жана башка адамдар дагы анализдери чыкканга чейин 3 күнгө обочолонууга чыгышат.

 

Баарыңыздарга ден соолук каалайбыз.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Президентинин

Басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: