Menu

“Жерүй” алтын кени боюнча Элдик комиссиянын төрагасы Айбек Бузурманкулов Таласта кармалып, кийин бошотулган

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-июнда Таласта “Жерүй” алтын кени боюнча жыйын өткөрүүнү пландаштырган  Элдик комиссиянын төрагасы Айбек Бузурманкулов кечээ, 23-июнда  милиция тарабынан кармалып, Талас райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Бул тууралуу Айбек Бузурманкулов өзү тастыктады.

Анын кармалышы тууралуу кечээ, 23-июнда дагы бир активист Максат Казакбаев кабарлаган. Белгиленгендей, Бузурманкулов алдын-ала сүйлөшүү жана пандемия учурунда жолугушууларды, жыйындарды уюштурбоо боюнча милиция тарабынан эскертилип, коё берилген.

Айбек Бузурманкуловдон ПЦР-анализи алынып, үй карантинине жиберилген.

Эсиңиздерге сала кетсек, Айбек Бузурманкулов 2015-жылы Алмаз Атамбаев президент, Темир Сариев премьер-министр болуп турганда экс-премьер Өмүрбек Бабанов баштап келген Россиялык чечен бизнесмендерге $5 млрд алтыны бар Жерүй кенин $100 млн эле акчага, кыргыз элине 1% да үлүш калтырбай сатып жиберген фактысы боюнча түзүлгөн Элдик комиссияны жетектеп келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: