Menu

COVID-19: Казакстанда тесттер тартыш болууда

Бөлүшүү:

Казакстанда дарыгердин жолдомо кагазы жок эле өз алдынча коронавируска тест тапшырууга аракет кылгандар көбөйдү.

Ушу тапта Алматы шаарында анализ кабыл ала турган бир гана лаборатория түйүнү иштеп жатат. Мындан улам жарандар эртең менен саат жетиде эле топтолуп, кезекке турушууда. Анда күнүнө 150 гана тест колдонуу мүмкүнчүлүгү болгондуктан, ушунча санда гана адам кабыл алынууда.

Казакстанда тесттер өткөн жумадан бери тартыш болууда. Буга байланыштуу анализ кабыл ала турган лабораториялардын көбү жабылып калган. Саламаттык сактоо министрлигиндеги аткаминерлер 24-июндан тарта башка анализ кабыл алуу жайлары иштей баштай турганын убадалашкан. Бирок бул күнү лабораториялар ачылган жок.

Буга чейин өлкөнүн саламаттык сактоо министринин кеңешчиси дарыгердин жолдомо кагазы жок коронавируска анализ тапшыруунун зарылдыгы жок экенин билдирген. Анын айтымында, бул реагенттердин тартыштыгын жаратып, жыйынтыктарды чыгаруу мөөнөтүнүн узарышына алып келет.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирустан 136 киши каза болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: