Menu

Исхак Масалиев: “Соттолуучунун гана эмес, анын үй-бүлөсүнүн дагы мүлкүн конфискациялоо жаңычылыгын Алмазбек Атамбаев менен Аида Салянова киргизген”

Бөлүшүү:

23-июнда Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча отурум болуп, айыпталуучуларга карата өкүм чыкты.

Судья Эмилбек Кайыпов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратты. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан дагы ажыратуу өкүмү чыкты. 

Учурда Атамбаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн мүлкүн конфискациялоо маселеси талкууга алынып жатат.

Экс-депутат Исхак Масалиев соттолуучунун гана эмес, анын үй-бүлөсүнүн дагы мүлкүн (үй-бүлө мүчөлөрү кылмышкер болбосо дагы) конфискациялоо жаңычылыгын Атамбаев ишке ашырганын белгиледи.

“Бул жаңычылыкты Атамбаев жана ошол кездеги прокурор Аида Салянова киргизген. Анда Башкы прокуратура мындай чечимди коргоонун ордуна, анын мыйзамдуулугун иликтеши керек болчу. ЖАМКтын дагы жетекчилигине суроолор бар. Бул ишке бир гана соттолгондор эмес, алар дагы (ЖАМКты мурдагы жетекчилиги) тартылышы керек”, – деп белгиледи Исхак Масалиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: