“Соттун чечимине баа бере албайм, мен буга чейин Атамбаевге жана анын шериктештерине акыйкат соттук териштирүүнү каалайм деп жазгам, эми соттук териштирүү аяктады. Мындай абалды душманыма да каалабайм. Бирок мунун бардыгы Атамбаев жеке өзү ишке ашырган системанын натыйжасы” – деп Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев кечээ, 24-июнда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге карата соттун чечимине комментарий берди.
Ошондой эле, ал соттолуучунун гана эмес, бүт үй-бүлөсүнүн мүлкүн конфискациялоо Кыргызстанда катаал практика болуп калганын жана аны мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзү киргизгендигин айтты.
“Сизде адилеттүү сот системасын, өкмөттү, жакшы экономиканы курууга алты жыл убакыт болду. Бирок сиз бул жылдарды интригага, оппозицияны жана сөз эркиндигин басууга, кадр маселесин жакындарыңыздын пайдасына чечүүгө жумшадыңыз” – деп билдирди Түлеев.
“Менин күнөөм сотто далилденбегенине, кагаздарда жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө далилдердин жоктугуна карабастан, баары сизден командаңызга шылтап, мэр болгонго чейин эле атамдан мага жана жакындарыма мурас болуп калган мүлктү тартып алууну чечишти. Жада калса, ажырашып кеткен аялымдын да мүлкү конфискацияланган. Бул эч бир мыйзамда каралган эмес. Бирок бул мыйзамсыздыктын бардыгы сиздин сөзүңүздөн улам гана болду. Мен сизге кайрылганымда, “Нариман, жөн эле төлөп бер, анан чыгасың” деп айтышкан. Мен төлөп бердим, бирок сиз каалаганыңыз үчүн эмес, “компания үчүн” соттолгон адамдар мунапыс менен шарттуу түрдө бошотулушу үчүн төлөдүм” – деди Нариман Түлеев.
https://www.facebook.com/nariman.tuleev/posts/2989577994465766
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ