Menu

Мадамин Каратаев: “Президент менен Москвага барган делегациянын мүчөлөрү коронавирусту сапар алдында, түн ичинде жуктуруп алышы мүмкүн”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөттүк онлайн-брифингде өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Эмне үчүн Бишкекте президенттик делегациянын ПЧР-тесттер терс жыйынтык берди, ал эми Москвада – оң натыйжа берди. Бул Бишкектеги тестирлөө начар дегенди билдиреби?

“Начар ПЧР-тесттери болбойт, лабораториялардын бардыгында эле бирдей тест. Делегациянын мүчөлөрү тестти качан тапшырганы мага белгисиз. Мисалы, алар бир нече күн мурун тест тапшырып, а вирусту сапар алдында, түн ичинде жуктуруп алышы мүмкүн. Муну изилдеп, андан кийин так айтууга мүмкүн”.

Акыркы убакта ЖКнын депутаттарынан дагы коронавирус табылып жатат, Ак үй карантинге жабылабы?

“Учурда бир гана Ак үйдө гана эмес, башка мекемелерде дагы коронавирус катталып жатат. Ооруга чалдыккан эл өкүлдөрү республикалык инфекциялфк ооруканада дарыланып жатышат. Ак үйдү карантинге жабуу тууралуу чечимди пленардык отурумда комиссия карайт”.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпы 3954 адамдан коронавирус аныкталды, алардын ичинен 2112 адам ооруну жеңди, 43 жаран илдеттен улам каза болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: